Чүйдө «рак оорусунан айыктырам» деп 5 миң доллар алган жаран кармалды

Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

24-апрель күнү Аламүдүн РИИБге арыз менен 1989-жылы туулган жаран кайрылып, өзүн «Сиддик» деп тааныштырган адам ушул жылдын февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5 миң 500 доллар алып, изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү Пакистандын жараны, 1982-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынды.