Чүйдө рейд жүрүп, сойкулук менен алектенген деген кыздар аныкталды

Кечээ, 9-августта Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан «Притон» профилактикалык иш-чарасы өткөрүлгөн.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-августта билдиргендей, милиция кызматкерлери мончо жана сауналарды текшерүүгө алышкан. Сокулук айылындагы сауналардын биринде рейд учурунда кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган.

Натыйжада 23 жаштан 40 жашка чейинки 7 кыз милицияга жеткирилип, алар суракка алынган. Мындан тышкары сауналарда сойкукана уюштурган адамдардын жоопкерчилиги каралууда.