Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында бүгүн, 6-февралда турак үйдүн жанында сарайда жана ага катарлаш мончодо өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Ыкчам топ өз аракеттеринин натыйжасында эки кабаттуу турак үйгө тилсиз жоону өткөрбөй сактап калышты. Маалымат түшөрү менен Ленин райондук жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылып, өрттү өчүрүү жумуштарын алып барышты», — деп жазылат билдирүүдө.
Тилсиз жоонун болжолдуу көлөмү 100 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби такталууда, жабыркагандар жок.