Чүйдө сноуборд тээп жүргөн жигит коктуга түшүп кеткен (видео)

Кечээ, 20-январда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Кашкулак” лыжа базасында сноуборд тээп жүргөн жаран жардан түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

2001-жылы туулган жигит бутун кокустатып алгандыгын “112” кызматына билдиришкен. Мындан улам, куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылган. Базадан ары 2-коктуга түшүп кеткен жигитти аман-эсен чыгарышкан. Куткаруучулар ага алгачкы жардам көрсөтүп, шаарга алып барышкан. Абалы жакшы.