Чүйдө сойкукана аныкталып, анын ээси кармалды (сүрөт)

Интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тергөөнүн жүрүшүндө, кылмыш ишинин материалдары боюнча ыкчам-тергөө иштеринин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыштын негизинде Токмок шаарынын аймагында интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

26-декабрда Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү адамдарды тейлөө интимдик (сауна) аныкталды. Иш-чаранын жыйынтыгында Т.М.С. аттуу интимдик сойкукананын ээси жана интимдик кызмат көрсөткөн С.К.А., Ж.к.Б. Токмок ШИИБге киргизилди.