Чүйдө Спринтер жүргүнчүлөрү менен оодарылып, эки жаш бала жаракат алды

Чүй облусунун Токмок шаарына жакын аймакта Бишкекти карай келе жаткан спринтер оодарылып, 1 жаштагы наристе жана 12 жаштагы өспүрүм жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ЖКККББдан маалымдашты.

— «Бүгүн, 28-июль күнү болжолдуу саат 12:40та Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда (Токмок шаарына жакын аймакта) бараткан Мерседес Бенц (спринтер) үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 1988-жылы туулган М.Т. рулду башкара албай капталга оодарылып калган. Айдоочунун айтымында, унаанын алдыңкы дөңгөлөгү жарылып кеткен. Кырсыктан 1 жаштагы наристе менен 12 жаштагы өспүрүм жаракат алып, Токмок шаарынын аймактык ооруканасына кайрылган», — деп билдирет басма сөз кызматы.