Чүйдө сууга агып, каза болгон келин 27 жашта болгон. Наристеси изделип жатат

Аламүдүн суусунан наристе изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 19-июлда таң эрте Аламүдүн суусунда издөө иштерин улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 22 куткаруучу чыккан.

18-июлда эс алуу жайында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен.

Кечээ, 18-июлда куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кыз табылган эмес. Учурда издөө иштери жүрүүдө.