Чүйдө сууга аккан эне-бала. Наристе кечээ табылган жок

18-июлда Чүйдөгү эс алуу жайында наристе кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен. Ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылып, чыгарылган. Наристе изделип жаткан.

ӨКМ бүгүн, 20-июлда маалымат берип наристени издөө иштери бүгүн да жүргүзүлөрүн билдиришти. Кечээ, 19-июлда кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.