Чүйдө сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Бүгүн, 8-июнда Москва районунун Беш-Терек айылындагы менчик көлмөгө 9-класстын окуучусу чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Издөө иштерине саат 15:28де ӨКМге караштуу КДМБнын 5 куткаруучу суучулу тартылган. Куткаруучулар чөгүп кеткен баланын сөөгүн саат 16:57де суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.