Чүйдө таанышын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда Панфилов РИИБге 1982-жылы туулган жарандын жансыз денеси үйдө табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жансыз денеде криминалдык тактар байкалып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркум менен шектүү экөө спирт ичимдигин ичип отурганы, алардын бири экинчисинен акча уурдап алганын айтып, кайтарып берүүсүн сураган. Экөөнүн ортосунда мушташ чыгып, карызын сураган кишиге бычак сайып, качып кеткен. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.