Чүйдө таксистти өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Жабырлануучунун айтымында, ал таксист болуп иштейт. 17-ноябрда анын унаасына жаран отуруп, Сокулукка жеткирип коюусун суранган. БЧКнын тушуна жеткенде жаран айдоочуга бычак менен кол салган. Андан соң телефонун, 8 миң сомун жана унаанын документтерин тартып алган.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.