Чүйдө таштанды ташыган унаа 3-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Окуучу көз жумду

Кечээ, 23-сентябрда Бишкектин четиндеги Ленин айылында таштанды ташыган унаа 3-класстын окуучусун сүзүп кеткен. 9 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкаралыгынан билдиришти.

Кырсык саат 13:00 чамасында Бишкек-Кордай жолунда катталган. Ленин айылына караштуу Ленин атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу жолго чуркап чыга калган учурда МАЗ үлгүсүндөгү унаасы сүзүп кеткен. Аны 1950-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан.