Чүйдө төрт курбу кыз бир убакта жанын кыюуга аракет кылды

Иллюстрация

Кечээ, 19-январда Чүйдө төрт курбу кыз бир убакта жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу аталган облустагы ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Милициянын билдиришинче, төрт кыз суициддин белгилери менен ооруканага жеткирилген, бири күрөө тамырын кесип, калганы дары-дармекке ууланган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок кыздардын биринин абалы оор.

1987-жылы, 1995-жылы, 1996-жылы, 1998-жылы туулган кыз Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бирин ижарага алып, чогуу жашашканы аныкталган. Факты боюнча териштирүү жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, аларды кимдир бирөө компромат катары колдонула турган видеого тартып алып, ал интернетке жайылып кеткен. Ар бир кыз белгисиз адамдардын дарегине түрдүү күнөө койгон коштошуу каттарын жазган.