Чүйдө төрт унаа сүзүшүп, беш адам жабыркады

Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсык Александровка айылында 15:00 чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус сүзүшкөн.

Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.