Чүйдө турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, аял киши жаракат алды

Чүйдүн Москва районуна караштуу Садовое айылында турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 1940-жылы туулган аял киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

«Үйдө өрт чыкканда аял киши кулап түшүп, денесинен жеңил жаракат алган. Кароол башчы күйүп жаткан үйдүн терезесин сындырып, жаракат алган аялды үйдүн ичинен көтөрүп чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп берди. Өрттүн кесепетинен үй, сарай, бастырма, тандыр, Портер үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан», — деп жазылат маалыматта.