Чүйдө тургун ижарага жер алып, буудай айдаган. Түшүмүн башка адам жыйнап кеткен

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунуну тургундары менен жолугушту. Жолугушууга президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси, Чүй ОИИБдин жетекчилиги, райондордун прокурорлору жана облустун прокурорунун орун басары катышты. Ошондой эле акимдер жана облустагы башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышышты.

Москва районундагы Кызыл Октябрь айылынын жашоочусу айыл өкмөтү тарабынан анын укуктары бузулуп жатканына даттанды. “Буга чейин жерди ижарага алып, буудай айдагам, бирок түшүмүн башка адамдар жыйнап алышты. Жердин ижарасын айыл өкмөтүнө төлөгөм. Түшүмдү жыйнап кеткендер андан кийин буудайды сатып жиберишти. Ушул кезге чейин соттошуп жүрөм. Менин укуктарымды калыбына келтирүүгө жардам бериңиздер”, — деди ал.

Москва районунун акими анын ишин жеке көзөмөлүнө алаарын жана маселесин чечүүгө аракет кыларын убада кылды. “Менин кабыл алуума келиңиз, ишти изилдеп, укугуңузду калыбына келтирүүгө чараларды колдонобуз”, — деп ишендирди райондун акими.