Чүйдө түнү терминалдардан акча уурдап жатканы видеого түшкөн жаран кармалды

3-октябрда 1988-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран Москва районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган, ал арызында түнкү саат 02:50 чамасында белгисиз жаран акча чогултулган аппаратынан акча уурдап кеткени боюнча чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинини 205 (уурулук) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын негизинде милиция кызматкерлери менен бул кылмышка шектүү аныкталып, ал 2002-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп, тергөөнүн жыйынтыгы менен А.Д. аттуу жарандын кыймыл аракетине юридикалык баа берилип, кылмыш иши боюнча кабыл алынат.