Чүйдө “улууларды сыйлабоонун” айынан киши өлтүрүү катталды

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

22-сентябрда милицияга Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына 1954-жылы туулган Жаңы-Жер айылынын тургунунун денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын 1986-жылы туулган экинчи тургуну октон алган жаракаты менен жеткирилип жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты катталып, кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган. Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.

Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.