Чүйдө унаа айдай качкан жаран жол кырсыкка кабылган

Аламүдүндө унаа урдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, 16-апрель күнү саат 12:00 чамасында дүкөндүн жанында 35-40 жаштар чамасындагы жаран Хонда СРВ унаасын айдап качып, рулга ээ боло албай бетонду сүзгөнүн айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.