Чүйдө унаа айдай качкан шектүү жол тескөөчүлөргө да баш ийбей качты

Чүйдө унаа уурдап, качып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

7-март күнү саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районунун үйлөрүнүн биринде токтоп турган Ауди А4 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар уурдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Бишкек жана Чүй облусунун аймагында “Колго түшүрүү” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 31-чакырымынан Ауди А4 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качкан.

Кымышка шектүү катары 2002-жылы туулган айдоочу кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди.