Чүйдө унаа айдап качууга шектелген жигит кармалды

Чүйдө унаа айдап качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-июнда болгон. Гагарин көчөсүндө Хонда Фит унаасы уурдалган.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 211-беренеси (унаа айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган жигит кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. Тергөө уланууда.