Чүйдө унаа сатып алууну каалаган кыз абактагы жаранга алданып калган

Чүй облусунда абакта жазасын өтөп жаткан алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

14-ноябрда Панфилов РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал 1989-жылы туулган жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында шектүү интернетке Хонда Цивик үлгүсүндөгү унаасын сатуу боюнча жарнакты жайгаштырган. Кыздан 40 миң сом өлчөмүндө алдын ала төлөм алган бойдон дайынсыз жоголгон.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн 1992-жылы туулган жаран экени, анын учурда Чүйдөгү абакта жазасын өтөп жатканы маалым болгон. Учурда шектүүнүн дагы ушундай кылмыштарга тиешеси барбы же жокпу аныкталып жатат.