Чүйдө унаа сүзүп кеткен жарандын жакындары изделип жатат. Учурда абалы оор

Чүйдө унаа сүзүп кеткен жарандын жакындары изделип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-ноябрда саат 16:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында ЗИЛ оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болжол менен 30-35 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда ал комада жатат, абалы оор. Анын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбой жатат.

Аталган факты Ысык-Ата РИИБге каттоого алынган. Эгер сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, 0 312 616 907; 0 3132 5 21 47; 0709 29 00 01 номурларына чалып, байланышсаңыздар болот.