Чүйдүн Петровка айылында унаа сүзүп кеткен кыз көз жумду. Маалыматты журналисттерге Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз бүгүн, 30-апрелде көз жумган. Буга чейин жол кырсык 29-апрелде катталганы маалым болгон. БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 1999-жылы туулган кызды сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Кыз ооруканага жеткирилген. Кийин кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалган.