Чүйдө унаанын терезесин сындырган ашкананын кожоюну кармалды

Социалдык тармактарда унаанын айнегин күрөк менен чаап салган айдоочунун видеосу тараган. Окуя боюнча Чүй облустук милициясы маалымат берди.

Чүй облустук милициясы тарабынан видеодогу адам аныкталып, ага карата кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлдү. 26-сентябрда Сокулук милициясына 1993-жылы туулган жаран кайрылып, Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы ашканасынын алдынан Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаасынын терезесин ашкананын кожоюну сындырып салгандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү билдирген. Аталган факты боюнча (Бейбаштык) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. 27-сентябрда 1970-жылы туулган жаран милицияга жеткирилип, эч жакка кетпөө тил каты алынган.