Чүйдө унаанын терезесин талкалап, ичиндеги акчаны уурдоого шектелген жаран кармалды

Чүйдө унаанын терезесин талкалап, ичиндеги акчаны уурдоого шектелип 49 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата РИИБге  34 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Ал кызматкерлерге Кант шаарынын борборунда токтоп труган Мерседес Спринтер маркасындагы унаанын эшигин талкалап, акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталган. Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кылмышка шектелип, 49 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Жогоруда аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоосунда турганы билинген. Тергөө иштери уланып жатат.