Чүйдө уруштан ок атылып, 3 жаран ооруканага түштү

Чүйдүн Жайыл районунда ок атылды. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-ноябрда саат 02:30 чамасында Жайылдагы Новониколаевка айылындагы азык-түлүк саткан дүкөндүн жанында топ эркектер уруша кетип, 1995-жылы туулган 1 жана 1994-жылы туулган 2 жаранды сабап, аларга карата травматикалык тапанчадан ок чыгарылган. Алар алган жаракатынан ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1990-жылы туулган 2 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.