Чүйдө велосипедчен адам жүк ташуучу унаанын алдында калып көз жумду

Чүйдө велосипедчен адамды өлтүрө сүзгөн деген шек менен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-сентябрда Токмок ШИИБге Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 64-чакырымында эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча тергөө иштери башталган.

Жерине барган милиция жансыз дененин жанынан зыянга учураган велосипедди табышкан. Алар бул жол кырсык экенин аныкташкан. Жансыз дене Токмоктогу өлүкканага жеткирилип, жарандын 1962-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары VOLVO унаасынын 1966-жылы туулган айдоочусу кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.