Чүйдө үй өрттөндү. Жеринде 4 күжүрмөн эсеп иштеп жатат

Бүгүн, 10-августта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жайгашкан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ленин райондук №6 ӨКБдан 2, буга кошумча саат 14:04тө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1, №4 ӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Жеринде өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 14:57де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.