Чүйдө үй өрттөнүп, 16 жашар бала каза болду

Сокулук районунда турак үй күйүп, 1 адам каза болуп, бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Бүгүн, 28-июнь күнү Сокулук айылындагы Тынчтык көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:31де 2 бөлүм тартылып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү. Куткаруучулар издөө учурунда 71 жаштагы жаранды табышкан. Түтүнгө ууланып жеңил жаракат алган жаран ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу. Ошол эле өрт чыккан үйдөн 2006-жылы туулган жаран түтүнгө ууланып, каза болгон. Анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.