Чүйдө үй тонолду. Кылмыш видеокөзөмөлгө түшүп калган (видео)

Аламүдүн районунда бир катар уурулуктарга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

18-январда милицияга 26 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Анын айтымында, түнү белгисиз адамдар анын Көк-Жар айылындагы үйүнө кирип, акчасын, зер буюмдарын жана 3 даана iPhone14 Pro Max уюлдук телефондорун уурдап кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 

Чүй ОИИБ тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар мурда соттолгон 1986-жылы туулган К.Н. жана 1991-жылы туулган Ж.М. болгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа айдап, Аламүдүн районунун аймагында дагы 6 ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы аныкталган.