Чүйдө үйдөн өрт чыгып, 20 жаштагы кыздын бети жана колу күйдү (видео)

Чүйдөгү өрттөн бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 15-апрелде Кемин районун Ильич айылындагы үйдүн 2 бөлмөсү жана чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 20 жаштагы кыз колу жана бетинен күйүк алып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди. Өрт саат 06:32де чектөөгө алынып, толук 07:09да өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу.