Чүйдө үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы эркек киши каза болду

Чүйдө үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Бүгүн, 4-апрелге караган түнү саат 04:14 чамасында Москва районунун Садовое айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Жалын саат 04:50дө чектөөгө алынып, толук 05:35те өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы эркек киши каза болгон. Жалпы 12 чарчы метрлик от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.