Чүйдө үйүнөн чыккан жаран кайрылып барган эмес. Жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды

Чүй облусунда милиция кызматкерлери тарабынан Чоң Чүй каналынан табылган адам сөөгүнө байланышкан кылмышка тиешелүү шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 19-июлунда болжол менен саат 16:15те Чүй райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 1974-жылы туулган жаран кайрылып, 18-июлда саат 13:00 чамасында Чүй районунда жашаган иниси Daimler-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген. Бул факты каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган. Тергөөнүн жана ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Алчалуу айылынын аймагынан дайынсыз жоголгон жаранга таандык унааны табышкан. Унаанын салонун кароодо канга окшош тактар табылган.

Райондук милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө жана тергөө иштеринин натыйжасында, дайынсыз болуп жаткан жаран менен узак убакыттан бери касташып жүргөн адам аныкталган. Ошондой эле,18-июлда жүгөрү талаасында экөөнүн ортосунда жаңжал чыкканы аныкталган. Мушташ учурунда шектүү бычак менен көп жолу жаракат келтирип, натыйжада жаран каза болгону белгилүү болгон.

Кылмыштын изин жашыруу максатында шектүү анын сөөгүн Чүй районунун аймагындагы Чо Чүй каналына ыргытып жиберген. Кийинчерээк сөөк табылып, суудан чыгарылган. Бул кылмышка шектүү 1972-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралган.