Чүйдө «зебрадан» мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу тууралуу маалымат

Кечээ, 4-майда Тойота Сиена үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден мектеп окуучусун сүзүп кеткени тууралуу видео тараган

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

«4-майда саат 13:00 чамасында 1980-жылы туулган Кореянын жараны Тойота Сиена үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек-Сокулук-Чалдабар унаа жолунун 9-чакырымында бара жатып, 2006-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Кыз алган жаракаттары менен Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.