Аламүдүн районунда бир жылдан ашык убакыттан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1998-жылы туулган жаран зордуктоо беренеси менен айыпталган. Ал соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.