Чүйдөгү 2 өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсык. Унаадагылардын бардыгы бир айылдан болушкан

Бүгүн, 18-октябрда ӨКМ маалымат таратып, кечээ, 17-октябрда Чүйдө жол кырсыгы катталганын кырсыктан 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алганы тууралуу билдиришкен.

Ошондой эле, Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бак сүзгөнү айтылды. «Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган өспүрүм, 1 кыз каза болгон жана 3 өспүрүм жабыркаган. Учурда аты-жөндөрү такталып жатат», — деп айтылган эле маалыматта.

Кырсыктын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышты. «Унааны 2004-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жаткан. Каза болгон кыз да 2004-жылы туулган. Ал эми унаанын ичиндегилер 2005, 2003, 2004-жылы туулган өспүрүмдөр. Бардыгы мектеп курагындагылар. Алар ооруканага жеткирилди. Унаанын ичиндегилердин бардыгы Орловка айылынын тургундары», — дешти.