Чүйдөгү 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Каза болгондордун жакындары митингге чыгышты

Чүй облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун жакындары Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чыгышты. Алардын айтымында, жол кырсык 22-июлда болгон, бирок азыркыга чейин күнөөлүү камакка алына элек. 

«Иш боюнча айыпталуучу Темирбек Исаев, анын бир тууганы мурда Башкы прокуратурада иштеген. Шектүү документтердин негизинде гана убактылуу кармоочу жайга киргизилген, чындыгында ал ооруканада дарыланууда», — деди митингге чыккандардын бири. 

Жол кырсыгы 22-июлда саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында катталган. Анда эки унаа сүзүшкөн. Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан 46 жаштагы жаран Митсубиси Паджеро үлгүсүндөгү унаа башкарып бара жатып, 25 жаштагы жигит башкарып бара жаткан Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөнүн маалымдаган.

Кырсык болгон жерде Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчү көз жумган. 23-июлда аймактык ооруканада Степвагон унаасынын дагы 2 жүргүнчүсү көз жумган. Ал эми дагы эки жүргүнчү ооруканада. Митсубиси Паджеро унаасынын айдоочусун медициналык кароодон өткөрүү учурунда, анын мас абалында экендиги аныкталган.