Чүйдөгү Ак-Суу капчыгайындагы жайлоодон эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалды

Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин криминалдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында буга чейин оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн 1967-жылы туулган жаран кармалган.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 10-июль күнү болжол менен саат 09:00 чамаларында Москва районунун Ак-Суу капчыгайындагы жайлоодо болжол менен 55-60 жаш курактагы белгисиз эркек кишинин киши колдуу болгон жансыз денеси табылып, анын өзүгүн аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Учурда кармалган жаран Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жаран милиция кызматкерлеринен Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөнү такталып, колго түшүрүлгөн. Каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон жаран менен кылмышка шектүү экөө жайлоодо малчы болуп жүргөнү маалым болгон. Учурда сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.