Чүйдөгү аялдардын абагына 8 телефон ыргытууга шектүү кармалды

6-мартта түнкү саат 01:30 чамасында Аламүдүн районунун Степное айлында жайгашкан ЖАКтын №2 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракетин ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алдын алынды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин сырткы аймагында 1987-жылы туулган жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыюу салынган буюмдарды киргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган. Кармалган жаранды тинтүү иш-чарасы жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүүнүн жыйынтыгында жарандын жанындагы чакан сумкасынын ичинен 8 уюлдук телефон жана 1 уюлдук операторунун симкартасы табылган.