Чүйдөгү Байгелди тоосунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүйдөгү Байгелди тоосунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 27-сентябрга караган түнү Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн чыккан өрт саат 13:15те чектөөгө алынып, толугу менен саат 15:15те өчүрүлгөн. «Жеринде ӨКМдин 85 куткаруучусу иш алып барды. Куткаруучулар кол шаймандары аркылуу өрттү өчүрүштү. Жалпы өрттүн аянты 300 гектар куураган чөп күйдү, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда», — деп айтылат маалыматта.