Чүйдөгү батирден 72 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Чүйдөгү батирлердин биринен жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 7-декабрь күнү Сокулук райондук нөөмөтчүсүнө Шопоков шаарында жайгашкан батирдин эшигин ачып берүү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке 2 куткаруучу барып, батирге терезе аркылуу кирип, эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинен 72 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Каза болгон жарандын сөөгүн куткаруучулар райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришти.