Чүйдөгү Беловодское айылында мектеп өрттөнүп жатат (видео)

Чүйдөгү Беловодское айылында мектеп өрттөнүп жатат. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мектептин эски имаратында өрт чыккан. Жерине өрт өчүрүүчүлөр барып, өрттү чектөөгө алышкан. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.