Чүйдөгү бир айыл таза суусуз калган. Шектүү 16 жылдан кийин кармалды

Айылдардын бирин таза суу менен камсыздоого берилген акча каражатын өзүнө алып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кармалган жаран 2004-жылы “КВТ” ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн чечимине ылайык, бул ЖЧКнын директору болуп дайындалган. 2004-жылдын мартында Айыл чарба министрлигинин алдындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынын жыйынтыгы боюнча “Таза-Суу” программасынын негизинде Жайыл районунун Кожомкул айылын таза суу менен камсыздоо тутумун курууга дал ошол курулуш уюму тандалган.

2004-жылдан 2005-жылга чейинки мезгилде курулуш уюму Кожомкул айылына суу түтүктөрүн курууда бөлүнгөн акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алган. Мунун негизинде Айыл чарба министрлигинин алдындагы айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынын жана Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо жана курулуш институтунун текшерүү актысы боюнча жогорудагы курулуш уюму мыйзамдардын нормаларын, эрежелерин одоно бузууга жол бергени аныкталган. Натыйжада Кожомкул айылындагы суу менен камсыздоо тутуму иштебей калган. Бул факты боюнча жалпы материалдык чыгым 8 миллион сомду түзүп, 2007-жылы ага издөө жарыяланган.

Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Айыпталуучуга карата Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө иштери жүрүүдө.