Чүйдөгү ээн калган сарайда табылган келиндин сөөгү. Окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 13-октябрда ӨКМден Чүйдө ээн калган сарай өрттөнгөнүн, ичинен келиндин жансыз денеси табылганын, сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлгөнүн билдиришкен. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй ОИИБге кайрылып, төмөндөгүдөй маалымат алды.

Маалыматка караганда, 13-октябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн «102» кызматына чалуу болгон. Анда Кант шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги сарай ичинде өрт чыгып, өрттү өчүрүү учурунда белгисиз адамдын жансыз сөөгү күйгөн абалда табылганы айтылган. Аталган маалымат Ысык-Ата РИИБи тарабынан каттоого алынган.

Бул окуя тууралуу Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, өлүктү кароо учурунда, өлүк толугу менен күйгөн абалда табылган. Жансыз дене аял кишиге таандык экени аныкталган. Бирок болжол жашын тактоо мүмкүн эмес болгон. Окуя боюнча жергиликтүү тургундар аталган участок ээсиз, колдонулбай турган жер экендигин, ал жерде кечкисин селсаяктар жашап жүрүшкөнүн билдиришкен. Азыркы учурда өлүккө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын аты-жөнүн тактоо үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп, аталган участканын ээсин тактоо жана өрттүн себептерин аныктоо үчүн багыттамалар берилди. Тергөө амалдары уланып жатат.