Чүйдөгү Хун-Чи айылында 4 тонна солярка сатып жаткан жаран кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу аракеттерин улантууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

16-апрелде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен Кыргыз жараны кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17 миң 500 сом айып салынды. Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 миң 500 сом айып тагылды.

Салык кызматы башкармалыгынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.