Чүйдөгү ипподромдо эркек кишини мыкаачылык менен өлтүрүп, таштап кетишкен

Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Ак-Суу айылындагы ипподромдо 45-50 жаштардагы эркек кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Аталган факты Москва РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жарандын аты-жөну такталып, 1986-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.