Чүйдөгү жол кырсык 32 жаштагы кишинин өмүрүн алды

Чүйдөгү жол кырсыктан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 85-чакырымында катталган. Анда КамАЗ менен Daewoo Nubira үлгүсүндөгү жеңил унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Daewoo Nubira унаасынын 32 жаштагы айдоочусу каза болгон. Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан төрт куткаруучу тартылып, маркумду унаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.