Чүйдөгү жол кырсыкта «Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери жабыркаган. Аларга ишканадан жардам болбой жатабы?

12-майда Петровка айылында катталды деген жол кырсыктын видеосу тараган. Видеодогу жаран жол кырсык 3 унаанын катышуусунда болгону, жолдон чыгып кеткен унаанын жол жээгиндеги үйгө аз калганын айткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда, жол кырсык тууралуу маалымат беришти.

«12-майда саат 08:15 чамасында Бишкек-Чалдабар унаа жолунун 49-чакырымында Петровка айылында ВАЗ 21099 үлгүсүндөгү унаа менен ТАРЗ автобус үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Андан соң, ТАРЗ автобус үлгүсүндөгү унаа жолдун жегинде токтоп турган Мазданы сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен автобустун ичинде бара жаткан 6 жүргүнчү жаракат алган», — дешти.

Редакцияга ошол жол кырсыкта жаракат алган жарандын жакыны ТАРЗ унаасы «Кыргыз темир жолу» ишканасыныкы экенин, жабыркагандар мамлекеттик ишкананын кызматкерлери экенин билдирди. Ал жабыркагандарга ишкана тарабынан эч кандай жардам көрсөтүү болбой жатканын, «чек алып келгиле, ошондо гана акча беребиз» деп жатканын айтты.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы менен байланышканыбызда, автобуста 19 темир жолчу болгонун, учурда 5 жаран 4-ооруканада экенин, ал эми  калгандары амбулатордук дарыланууга чыгарылганын айтты. «Жардам бербей жатат» деген маалыматты ишкана четке какты. «Бул маалыматтар калп, ишкана кызматкерлеринин чыгымын төлөп берип жатат. Ага атайын адис бөлүнгөн. Ал адис такай жабырлануучулардын жанында боло калбайт экен жана да документ үчүн чек менен акча төлөп берип жатат. Алар алынган дарылардын чегин жөнөтөт, адис которот. Жетекчилик көңүл бурбай жатат деген да чындыкка дал келбейт. Директор ишемби күнү барып, ал-абалын сурап келди», — дешти.