«Чүйдөгү жол кырсыкта уулум аман калып, жубайымды сактап калууга жетишпей калышыптыр» дейт маркумдун жолдошу

Кечээ, 17-ноябрда Чүй облусунда жол кырсык катталып, анда жеңил унаа менен УАЗ сүзүшкөн. Жеңил унаа УАЗдын тилкесине чыгып кеткени маалымдалды. Кырсыктын кесепетинен 3 адам көз жумган. Каза болгондор «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери болгон.

Каза болгондордун арасында аял киши да болгон. Маркумдун жолдошу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кырсык боюнча айтып берди. Анын айтымында, кызматкерлер Бишкекке жыйналышка келишкен. Анын жубайынын жанында уулу да болгон. Кырсык болгон учурда уулун, дагы эки киши менен кошо унаадан чыгарууга жетишишкен. Тилекке каршы, калган үч адамды чыгарууга үлгүрүшкөн эмес. Унаа күйүп кеткен.

«Жубайым уулум менен Кеминден Бишкекке жыйналышка кетишкен. Бара жатканда такси менен эле барышыптыр. Жыйналыш болжол менен саат 16:30дарда бүткөн экен. Анан кайтуу экөө Кеминдеги башка айылдын кызматкерлери кетип жаткан унаага түшүп, алар ала кетели дешкен окшойт. Макул болуп, унаага отуруп, келе жатышканда кырсыкка кабылыптыр. Кырсык болгон учурда уулумдун ээси ооп жатып калган. Унааны ачышып, уулумду жана жанындагыларды чыгарышыптыр, бирок жубайымды чыгарууга жетишпей калышыптыр. Уулум да күйүк алды. Колу-буттары күйүптүр. Жубайымдын сөөгүн өлүкканадан алып кетип жатам», — деди ал.